Кыргызстандан 180 миллион доллар мыйзамсыз чыгарылып кеткени аныкталды

Акчаны мыйзамсыз чыгарып кеткен деген шек менен бир адам кармалды. Ал соттун чечими менен Бишкек шаарындагы No1 СИЗОго киргизилген.

Кыргызстандан 180 миллион АКШ долларынан ашык акча мыйзамсыз чыгарылып алынгандыгын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (Каржы полиция) басма сөз кызматы билдирди. Белгиленгендей, пландаштырылган схема боюнча мыйзамсыз акча алуу менен алектенген кылмыштуу топтун иши токтотулган. Товарларга акча төлөп деген шылтоо менен Кытайга 180 миллион доллар алынгандыгы көрсөтүлгөн.

Салык төлөөчүлөрдүн эсебинен бюджетке 1 миллиард 100 миллион сом түшпөй калган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru