Кыргызстандан 23 миллион долларды алып чыккан деп шектелген адам кармалды

Финансы полициясы чет мамлекеттердин аймагына мыйзамсыз акча каражаттарын алып чыккан кылмыштуу топтун ишин токтотту.
Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы бүгүн билдирди.

Ушул күнгө чейин кылмышкерлер республикадан 23 миллион доллардан ашуун акча каражатын алып чыкканы белгиленди. «Тергөө көрсөткөндөй, аталган кылмыштуу топтун иш-аракеттеринин натыйжасында Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик бюджетке жалпы суммасы 347 миллион сомдон ашык ири өлчөмдө зыян келтирилген. 12-ноябрда кылмышка шектүү деп аталган жаран Т.М. 14-ноябрда, 1-тергөө изоляторуна камакка алынды” – деп билдиришти Каржы полициясы.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru