Кыргызстандан 25 млн сом наркты түзгөн уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып чыгуу аракеттери болду

Каржы полициясынын кызматкерлери чек арачылар менен биргеликте Кыргызстандан Казакстанга жалпы суммасы 25 миллион сомду түзгөн контрабандалык уюлдук телефондорду экспорттоо аракетин токтотушту. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы бүгүн билдирди.

«Lexus GX470 унаасы “Ак-Тилек-автожол” постунда токтотулган. Тинтүүнүн жүрүшүндө Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери жана чек арачылар кымбат баалуу уюлдук телефондорду жана алар үчүн аксессуарларды табышты, алардын жалпы наркы 25 миллион сомдон ашты », – деп айтылат маалыматта.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru