Кыргызстандан айрым товарлардын түрлөрүн ташып чыгууга убактылуу чектөө киргизилди

Кыргыз Республикасынан айрым товарлардын түрлөрүн ташып чыгууга убактылуу чектөө киргизилдиТиешелүү токтомго Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул туурасында Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, тиркелген тизмеге ылайык алты ай товарлардын айрым түрлөрүн Кыргыз Республикасынан экспорттоого убактылуу тыюу салуу белгиленет.

Кыргыз Республикасынан үчүнчү өлкөлөргө сатууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салынган айрым товарлардын тизмеси:

Товарлардын аталышы
1Буудай жана меслин 
2Буудай уну 
3Өсүмдүк майы 
4Күрүч
5Макарондун түрлөрү 
6Шекер 
7Тоок жумурткасы 
8Тамак-аш үчүн йоддолгон туз
9Тоют (чөп, саман, комбикорм, улпак жана дан тоюту)
10Салфеткалар жана башка бактерияга каршы каражаттар
11Дезинфекциялоочу каражаттар

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы мыйзамсыз экспортту жоюуга багытталган зарыл чараларды көрүүдө. 

Токтом кол коюлган күнүнөн тартып күчүнө кирет. 

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru