народный

Кыргызстандан мал экспорттоого тыюу салынды

Кыргызстандан мал экспорттоого тыюу салган жарлыкка кол коюлду. Бул тууралуу “Акчабарга”  Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев билдирди.

“Бүгүнкү күндө Өзбекстанга мурдагыга караганда он эсе көп мал экспорттолууда”, – деди ал. Мындай чечим ички базарды мал менен камсыз кыла албай калуу тобокелдигинен улам кабыл алынды. Тиешелүү буйрукка  премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койду. Тиешелүү жарлык чыккандан кийин күчүнө кирет », – деди Токтогазиев.

Өзбекстанда мал чарбасын колдоо боюнча эл аралык программаны ишке ашырууга байланыштуу Өзбекстандан этке болгон суроо-талап жогору.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда эттин баасы кескин жогорулап, уйдун жана козунун килограммы 450-500 сомго жеткен.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru