Кыргызстандык балбандар Россияда өтүүчү эл аралык мелдешке катышат

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы Россияда өтө турган эл аралык турнирге катышат.

25 – «Мемориал Нестеренко» турнири 11-12-сентябрда Новосибирскте өтөт. Медалдар үчүн алты өлкөдөн — Кыргызстан, Казакстан, Беларусь, Россия, Сербия жана Эстониядан келген 180ден ашуун балбан күч сынашат.

Кыргызстандын курама командасы 19 спортчудан турат.

Кыргызстандын курама командасы:

55 кг чейин – Балбай Дордоков жана Сардарбек Конушбаев

60 кг чейин – Куттубек Абдыкерим уулу

63 кг чейин – Калы Сулайманов жана Урматбек Аматов

67 кг чейин – Амантур Исмаилов, Марлен Асикеев жана Халмурат Ибрагимов

72 кг чейин – Руслан Царев жана Бекжан Коңурбаев

77 кг чейин – Кайратбек Түгөлбаев жана Акылбек Талантбеков

82 кг чейин – Калидин Асыкеев жана Бексултан Назарбаев

87 кг чейин – Азат Салидинов жана Мелис Айтбеков

67 кг чейин – Бексултан Махмудов жана Данияр Шеримбеков

130 кг чейин – Роман Ким

Башкы машыктыруучу – Азат Эркимбаев

Улук машыктыруучу – Шухрат Ушуров, Арсен Эралиев, Улукбек Карачолоков.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru