Кыргызстандык бийчилер эл аралык мелдеште 23 медаль утушту
Кыргызстандык бийчилер спорттук жана бал бийи боюнча эл аралык “Динамонун чоң байгеси – 2020” мелдешинде 23 медаль утушту. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-9-март күндөрү Россиянын Москва шаарында өткөн бий жарышына 14 өлкөдөн 3 миң 37 жуп катышкан. Жарышта кыргызстандык бийчилер 17 алтын, 3 күмүш жана 3 коло байге алышкан.