Кыргызстандык боксчулар Сербияда өткөн мелдеште 3 медаль багындырышты

Бокс боюнча Кыргызстандын курама командасы Сербияда өткөн Belgrade Winner эл аралык мелдешинде 3 медаль жеңди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 22-27-апрель күндөрү Белград шаарында (Сербия) өттү.

Азат Үсөналиев (52 кг) жана Акылбек Эсенбек уулу (57 кг) күмүш медаль тагынышса, ал эми Өмүрбек Бекжигит уулу (75 кг) 3-орунду ээлеп, коло медаль жеңди.

Белгилей кетсек, спортчулар Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан сапарга жөнөтүлдү.

Leave A Reply

Your email address will not be published.