Кыргызстандык Болотбек Пакистандык досунан 158 миллион 340 000 сом мураска алып, эмнеге колдоноорун айтып берди

 Кыргызстандык жаран Болотбек Жумадылов пакистандык досу Умар Азизден  1,5 миллион фудн, биздин акча менен 158 миллион 340 миң сом мураска алды. Ал мындай бактылуу кокустукту “Вечерний Бишкек”-редакциясына айтып берген.

“1991-жылы биздин мекендешибиз (Ошол убакта Казакстанда иштеген)  Самарканд шаарына иш сапарга барып калган.  Жумуштарын бүтүргөн соң сейилдөөнү чечкен. Ошол жерден пакистандан келген миллионер  Умар  Азиз менен таанышып калган. Булардын достугу көпкө чейин уланып, мамилелеш болуп турушкан. Бир кезде Умар Азиз досун Пакистанга конокко чакырып бирок   тосуп албай койгон. Көрсө жума күн алар үчүн иш эмес күн экен. Көчөдө адашып жүргөн жеринен полициялар кармап кеткенде жүрөгү түшүп калганын айтат каарман.  Көрсө Умар Азиздин агасы ИИМ тармагында эң чоң кызматта иштеп, инисинин өтүнүчү менен жоголуп кеткен досун издеп жүргөн. Достугу көп жылга созулган учурда Умар Азиз онкологиялык дарт менен жабыркап, анан байлыгын Болотбекке таштап бирок “баардык акчаларды онкологиялык дарт менен жабыркагандарга соопчулук үчүн тарат”-деп айткан.  Бирок бул байлыкка дагы ал оңоюу менен жеткен эмес.  Умар Азиздин туугандары мурасты бербөөгө аракет жасап бир топ жыл соттошууга туура келген. Учурда Англиянын соту Кыргызстандык жарандын пайдасына чечип берип акча толугу менен колуна тийди. Биздин мекендешибиз эми бул акчаны маркум досу керээз кылгандай эле онкологиялык оорукана куруп, ооругандарга коротот”-деп жазат басылма

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru