народный

Кыргызстандык мектеп окуучулары Македонияда өткөн математикалык олимпиадада үч медалды жеңип алышты

Македонияда өткөн математикалык олимпиадада Кыргызстандын мектеп окуучулары үч медалга ээ болушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, интеллектуалдык таймашка Кыргызстандын атынан 35 окуучу катышкан. Олимпиадага жалпысынан 10 мамлекеттен 200 адам катышкан. Жаштар арасында борбор калаадагы № 61 мектептин окуучусу Жантай Джусупов күмүш, ушул эле мектептин окуучусу Эрбол Эсенгулов коло, «Газпром Кыргызстан» мектебинин окуучусу Элдар Искандеров коло медалга ээ болушту. Үч окуучу тең 2019-2020-жылдардагы альтернативдүү олимпиаданын жеңүүчүлөрү экендиги, алар август айында Кыргыз курама командасы үчүн уюштурулган жайкы машыгууга катышкандыгы белгиленди. Кыргызстандын командасын Ишматов Мамат, Мурат Абдувалиев, Амир Мохаммед-Али машыктырган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru