народный

Кыргызстандыктар май айында 5 күн каттары менен эс алат

Май айында кыргызстандыктар беш күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Эмгек башкармалыгынын башчысы Махмуд Ойтемиров билдирди.

Анын айтымында, эгер Кыргызстанда карантин 30-апрелде бүтсө, мамлекеттик кызматта иштегендер жумушка 6-майда чыгышат. “1-майдагы майрам жума күнгө туш келип калат экен. Андан соң 2-3-май ишемби, жекшемби. 11-майдагы эс алуу күнү 4-майга жылдырылган. Себеби 9-май ишемби күнгө туш келип калгандыктан, дүйшөмбү 11-май эс алуу күнү болмок. 5-май кайра майрам болгондуктан, маморгандар жумушка 6-майда чыгып калышат. Ал эми 11-майда кадимкидей иш күнү”, — деди Ойтемиров.

Булак: Sputnik.kg

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru