народный

Кыргызстандын аймактарында медкызматкерлер жумушка кезекке турушат

Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары, Кыргызстандын көптөгөн аймактарында медайымдардын саны өтө эле көп. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн форумда билдирди.

Анын айтымында, республикада 27 медициналык колледж ачылган. “Бул абдан көп. Биринчиден, медициналык билим берүү мекемелеринин саны жөнүндө эмес, кадрларды даярдоонун сапаты жөнүндө, алган билимине практикалык саламаттыкты сактоо канчалык талап кылып жаткандыгы жөнүндө сүйлөшүү керек”, – деди министрдин орун басары.

Ал медайымдарды кесипкөй адистерди даярдоо менен кадрларга болгон муктаждыктын ортосундагы тең салмактуулукту белгиледи. «Мисалы, Нарында же Баткенде жумушка орношууну каалагандар бар. Андай болбошу керек. Дисбаланс болбошу үчүн билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана практикалык саламаттыкты сактоо кызматкерлери менен иштешүү керек”, – деди Мадамин Каратаев.

Бүгүнкү күндө мамлекеттик системада 33 миңден ашык орто медициналык кызматкерлер эмгектенишет. Жыйында белгилүү болгондой, лицензиялык талаптардын катуулагандыгына байланыштуу 2018-жылдан бери бир дагы жаңы медициналык колледж ачылган жок. Көпчүлүгү кайрылышкан, бирок материалдык-техникалык жана клиникалык базалардын, шаймандардын болуусу боюнча талаптарга жооп беришкен эмес.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru