Аскар Акаев менен ММУнун ректору коронавирустун келечегин алдын ала айтышты
Москва мамлекеттик университетинин ректору Виктор Садовничий менен Орусиянын Илимдер академиясынын академиги, Кыргызстандын туңгуч президенти А.Акаевдин айтымында, 2023-жылдын башына карата COVID өтө жеңил формада өтөт же инфекциялардын саны кескин азаят. Бул тууралуу РБК жазып чыкты.
«Академик Аскар Акаев экөөбүз макала-прогноз жазганбыз. Биз математик катары бул толкундарды да, мутацияларды да алдын ала көргөнбүз. Вирус тирүү үй-бүлө, ал өз жашоосу үчүн күрөшүп жатат. Экинчи жагынан, ага жашоо үчүн адам керек,ошондо компромисс табылат “, – деди Садовничий маалымат жыйынында.
Ректордун айтымында, келечекте COVID-19 алгылыктуу деңгээлге түшөт: же оору өтө жеңил болот, же аз сандагы учурлар кездешет. Алар бул өзгөрүү 2023-жылдын башында болот деп үмүттөнүшөт.