Кыргызстандын ички карызынын көлөмү 15% жогорулаган
Үстүбүздөгү жылдын 1-январынын жыйынтыгы менен, 2019-жылдын тийиштүү күнүнө салыштырмалуу ЕАЭБдин ички карызынын көлөмү 21.1 % жогорулаганы байкалган. Муну менен катар Белорусияда жана Казакстанда бул көрсөткүчтүн көлөмү төмөндөгөнүн ЕЭК билдирет..
Армения, Белорусия, Кыргызстандын – тышкы карызы ал эми Казакстан менен Россиянын – ички карызы жогорулаган.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын ички карызы өткөн жылга салыштырмалуу 2020-жылдын 1-январда 15% жогорулады, тышкы карыздын көлөмү эч өзгөрүүсүз бойдон калды. Жалпысынан республиканын мамлекеттик карызы бир жыл ичинде 2 % көбөйдү.