Кыргызстандын кыска метраждуу тасмасы Тегеран кинофестивалында байгелүү орунга ээ болду

“Чек арада” аттуу кыска метраждуу тасмасы Тегеранда өткөн Эл аралык «каршылык көрсөтүү» кинофестивалында байгелүү орунга ээ болду. Бул тууралуу Иран Ислам Республикасындагы Кыргызстандын элчилигине шилтеме берүү менен Кинематография департаментинен билдиришти. Алардын айтымында, сценарист Искандар Усмоновго “Кыска метраждуу көркөм фильм үчүн мыкты сценарий” сыйлыгы тапшырылды.

Салтанатта Кыргыз Республикасынын атынан дипломатиялык миссиянын кызматкерлери катышты.

Leave A Reply

Your email address will not be published.