Кыргызстандын спортчулары самбо боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын биринчи күнүндө канча медалга ээ болушту?

Самбо боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын биринчи күнүндө Кыргызстандын спортчулары эки медалга ээ болушту. Бул тууралуу sambo.ru сайты жазып чыкты.
Кечээ өспүрүмдөр арасында 10 салмак категориясында медалдар топтому ойнотулду.
Беттештердин жыйынтыгында, Кыргыз курама командасы эки медалга ээ болду: Жусуп Шакиров (57 килограмм) коло, ал эми Феликс Уланбеков (68 килограмм) финалда россиялык Иван Агафоновго утулуп, күмүш тагынышты.
Эскерте кетсек, Сербияда 5-ноябрдан 8-ноябрга чейин чоңдор, жаштар, өспүрүмдөр арасында самбо боюнча Дүйнөлүк Чемпионат өтүп жатат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru