Кыргызстандын Тышкы иштер министри Ирандын элчисин өлкөнүн бардык бийлик бутактары мыйзамдуу деп ишендирди

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саид Харазини кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө саясий-соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кыргыз-иран кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Руслан Казакбаев маектешине Кыргыз Республикасынын ички саясий абалы жөнүндө маалымдап, учурда өлкөдө абал туруктуу экендигин белгиледи. Жүргүзүлүп жаткан саясий процесстер укуктук талаага кайтып келгендигин, мамлекеттик бийликтин бардык бутактары легитимдүү, аткаруу бийлик органдары кадимки режимде иштеп жаткандыгын билдирди. Мындан тышкары, Руслан Казакбаев Иран өкмөтүнө коронавируска каршы күрөшүү үчүн 2020-жылдын май жана август айларында көрсөтүлгөн гуманитардык жардам үчүн, ошондой эле 1 миллион долларлык Иран грантынын курулушу аяктагандыгына жана Кыргыз-Иран Олимпиада чемпиону Голамрез Тахти атындагы спорт комплексинин Ош шаардык мэриясынын балансына өткөндүгүнө байланыштуу ыраазычылык билдирди.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru