Кыргызстандын тышкы карызы кайсыл президенттин тушунда көбүрөөк өскөн?

Кыргызстандын тышкы карызы 2020-жыллын 30-апрелине карата 3 млрд 952 млн. АКШ долларын түзгөндүгү тууралуу КРнын Каржы министрлигинин отчетунда белгилүү болду. Кыргызстандын эгемендикти алган 30 жылдык тарыхында өлкөнү башкарган президенттердин ичинен кимисинин тушунда тышкы карыз көбүрөөк өскөндүгү туурасындагы маалыматтарга кызыгып көрсөк, төмөндөгүдөй экен.
Мисалы, Акаев башкарып турган учурда, тагыраагы, 1992-жылы Кыргызстан биринчи жолу 4,97 млн. АКШ доллар Кытайдын Экспорттук-Импорттук банкынан алынган экен. Кытайдын ькл Эксимбанкы бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын ири кредитору болуп саналат. Анын үлүшүнө Кыргызстандын жалпы карыздарынын 45 пайызы туура келет.
Мындай алынган акчалар негизинен инфраструктуралык долбоорлорго жумшалары белгилүү. Кыргызстанга берилген карыздын дээрлик жарымы жолдорду оңдоп-түзөө, реконструкциялоо жана курууга жумшалган. Ошондой эле белгилүү бир бөлүгү өлкөнүн бюджетин колдоого жана энергетика тармагына жцмшалган.
Алынган каражаттардын көпчүлүк бөлүгү А.Акаевдин 15 жылдык башкаруу учурунда алынган экен. Бул бөлүк — жалпы карыздын ичинен 49%ды түзөт. Тышкы карыздын андан кийинки басымдуу бөлүгү А.Атамбаевдин башкарган учуруна туура келет экен. Ал башкарган 6 жыл ичинде жалпы карыздын 29%ы алынган. Кийинки орундагы үлүш өлкөнү 5 жыл башкарган К.Бакиевдин учурунда алынган карыз — 13%.

29 жылда карыздын ар жылдык орточо өсүүсү 136,28 млн. АКШ долларына барабар. Эгерде президенттердин башкарган учурларына бөлүп карасак, анда ар жылдык өсүүлөр А.Атамбаевдин башкарган учуруна туура келери да белгилүү болду. Бул орточо алганда жылына 187,85 млн АКШ долларын түзөт. Ал эми азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун учурунда азыраак темпте өсүп жаткандыгы белгиленген. Башкача айтканда, орто эсеп менен жылына 52,33 млн. АКШ доллары.
Бир жылда алынган эң көп сумма кимдин учурунда алынган деген суроого жооп издегенде, мындай учур К.Бакиевдин учурунда болуптур. Тагыраагы, 2009-жылы 347,69 млн. АКШ доллары алынган.
Ошентип, тышкы карыздарды алууда жана анын көбөйүшүнө кайсыл президенттин салымы чоң экендигин маалымат катары ар бир жаран билип койсо болот. Мындай маалыматты топтоодо ар бир президенттердин президенттин милдетин аткаруучу болгон жылдары боюнча маалыматтар алынган. Мисалы, С.Жээнбеков 2017-жылдын аягында президенттик кызматка келген. А.Атамбаев дагы 2011-жылдын аягында президенттикке келген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.