Кыргызстандын Улуттук Футбол Лигасынын чемпиону аныкталды
“Абдыш-Ата-2 Наше” (Кант) командасы Кыргызстандын Улуттук Футбол Лигасынын чемпиону болду. Бул тууралуу мелдештин Instagram баракчасында маалымдалды.
Финалда алар “Каганат-2ди” (Ош) утуп алышты.
Канттыктар эки оюнда тең 1: 0 эсебинде жеңишке жетишти. Өткөн биринчи беттештеги голду 7-мүнөттө Аламбек Абылкасымов, экинчисинде Давлятжан Баратов 71-мүнөттө киргизген.