народный

Кыргызстанга эки мамлекет гуманитардык жардам көрсөтөт

Өзбекстан жана Казакстан Кыргызстанга экономикалык жана гуманитардык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу Өзбекстандын  президенти Шавкат Мирзиёев менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө белгилүү болду. Бул тууралу бүгүн Өзбекстан Республикасынын башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Баарлашуунун жүрүшүндө Мирзиёев менен Токаев эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин жана аймактык кызматташтыкты талкуулашты.

Президенттер Борбор Азия аймагындагы кырдаалды өнүктүрүү, ошондой эле КМШ жана ШКУ баш болгон эл аралык жана регионалдык уюмдардын алкагындагы диалогду тереңдетүү боюнча пикир алмашышты.

Ошондой эле, жогорку деңгээлдеги иш-чаралардын графиги каралды  деп айтылат билдирүүдө.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru