Кыргызстанга кирген зер буюмдар 4,8 миллион долларды түздү

Кыргызстанга импорттогон зер буюмдардын көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу бир нече эсеге өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Быйылкы жылдын январь-сентябрь айларынын ичинде өлкөгө 12,3 тонна зер буюмдарды алып киришкен. Анын акчасын эсептей келгенде 4,8 миллион долларды түзгөн.

Импорттолгон өлкөлөр: Россия — 7,7 тонна; Түркия — 3,6; Өзбекстан — 0,4; Кытай — 0,5; Индия — 0,1.

Ошондой эле, аталган продукциялар Италия, АКШ жана Бириккен Араб Эмирлигинен кирген.

Былтыркы жылдын тогуз айында Кыргызстанга 2,7 тонна зер буюмдар ташып келинген. Аны акча менен алганда 2,9 миллион доллар болгон.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru