Кыргызстанга сасык тумоого каршы вакцинанын биринчи партиясы келди

700×100 kyr

Кыргызстанга сасык тумоого каршы вакцинанын биринчи партиясы келди. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, сатып алынган вакцина Россияда өндүрүлгөн.

“Кечээ күнү сасык тумоого каршы 119 миң 600 вакцина келди. Азыр алар аймактар боюнча бөлүштүрүлүп жатат. Жакын арада тобокел тобуна кирген адамдар – 63 жаштан улуу адамдар, 5 жашка чейинки балдар, өнөкөт оорулары бар кишилер, калктын аярлуу катмарындагы адамдар эмдөөдөн өткөрүлөт. Ошондой эле 700 миң вакцина алууга тендер жарыяланган”, – деди ал.

- Advertisement -

Leave A Reply

Your email address will not be published.