Кыргызстанга түркиялык белгилүү актриса Мерьем Узерли келет

Бишкек шаарына «Даӊазалуу доор» сериалы менен кеӊири таанылган түркиялык белгилүү актриса жана продюсер Мерьем Узерли келет. Анын сапары Лос-Анжелес шаарындагы Азиялык Эл аралык кинфестивалдын (Asian World Film Festival) чакыруусу боюнча телесериалдар менен байланышкан жаӊы эл аралык долбоордун бет ачарына байланыштуу. Бул тууралуу журналисттерге кинофестивалдын башкаруучу директору Асел Шерниязова билдирди.

Уюштуруучулардын айтуусу боюнча, сентябрдын башында Бишкекте жаӊы долбоордун урматына арналган пресс-конференция болот. Мерьем Узерлиден тышкары, белгилүү немис сүрөтчүсү Мартин Вертманндын, фестивалдын аткаруучу директору Жорж Шамшумдун, продюсер, аялдар укуктарын коргоочу, эл аралык мамилелер жаатындагы эксперт — Мерал Мелика Дюрандын да келүүсү күтүлүүдө.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru