Кырсыктан 7 адам каза болду

Түндө Бишкек — Ош унаа жолунда автокырсык болуп, жети адам каза тапты. Бул тууралуу, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кырсык Ноокен районунун Бүргөндү айылына жакын жерде болуп, жабырланган алты адам Шамалды-Сай шаарчасындагы ооруканага жеткирилген.

Маалыматта Mercedes-Benz Vito менен Honda Jazz автокөлүктөрү кагышкандыгы айтылган.

Окуя болгон жерге ӨКМдин 4 куткаруучусу, Тез жардам жана ИИМ кызматкерлери барган. Куткаруучулар жабыркаган жарандарды автоунаадан чыгарып, Тез жардам кызматына, каза тапкандарды милицияга өткөрүп беришкен.

Маркумдардын сөөгү Кочкор-Ата шаардык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru