Кытай коронавирусту дарылоо ыкмасы менен бөлүшүүгө даяр

Кытай коронавирустун таралышы менен күрөшүүдө. Аталган илдетти дарылоо ыкмасы менен бөлүшүүгө даяр. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министринин орун басары Ма Чаосюйдын билдирүүсүн чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

” Мен баса белгилеп кетким келет, бизге кол сунган эл аралык коомчулуктун жардамын эч качан унутпайбыз. Биз учурда  эпидемиологиялык абал оор болуп жаткан өлкөлөргө коронавирусту дарылоо ыкмасы менен бөлүшүп, колдон келген жардамыбызды берүүгө даярбыз”-деп белдирген Ма Чаосюй.

Ошондой эле, бул эпидемия менен бардык өлкөлөр биригип бири-бирине жардам берип, биргеликте аракеттер көрүлүп кызматташууну бекемдөө зарыл экендигин кошумчалады.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru