Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү

Коронавирус илдетинин алдын алуу максатында Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, коңшу мамлекеттин жардамын, кечээ, 25-мартта “Торугарт” чек ара көзөмөл-өткөрүү бекетинде өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов кабыл алган.
“Гуманитардык жардамды Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автономдук облусунун губернаторунун орун басары Ван Шин Ганг тапшырып, кыргыз элинин бул ооруну тезирээк жеңип чыгуусун тилек кылды”, – деп айтылат маалыматта.
Кытайдан дарыгерлер үчүн 10 миң даана респиратордук беткап, 100 миң даана бир жолу колдонулуучу беткап, ошондой эле 1 миң даана коргонуучу кийим келди.
Мындан сырткары, 10 миң даана беткапты Кытайдын Кыргызстандагы элчилигине тапшырышкандыгы кабарланды.