Кытай Кыргызстанга жаңы талап койду

Кытай тарап чек арада жүк ташууну көбөйтүү маселеси тууралуу талаптарын билдирди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, ГТСтин борбордук кеңсесинде бизнес коомчулугу менен жолугушуу болуп өттү. Сүйлөшүүлөр учурунда кыргыз тарап Торугарт өткөрүү пунктунун иштөө убактысын кайрадан карап чыгып, аны 9.00дөн 18.00гө чейин үзгүлтүксүз кылууну жана трафикти көбөйтүүнү суранды. Өз кезегинде, кытай тарап өз талаптарын, тактап айтканда, автоунаалардын санитардык-техникалык абалын сактоо, бузулган эски автоунаалардын ташылышына жол бербөө, товарларды өткөрүп жатканда автоунаалардын техникалык параметрлеринин дал келүүсүн эске алуу жана Кыргызстандагы кытай компанияларынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптарын билдирди. Жогоруда айтылган талаптарды эске алуу менен, Кытай тарап жүк ташуу бир кыйла көбөйөт деп ишендирди. Ишкерлер Кытайдын талаптарын так аткарууга макул болушту.

ГТСтин төрагасы Кадыржан Семетеев Кытай тарап менен сүйлөшүүлөр улантыларын белгиледи.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru