Кытай мамлекетинин гуманитардык жардамы Баткен облусуна да жеткирилди



Кытай мамлекетинен Ош облусуна келип түшкөн гуманитардык жардамдын бир бөлүгү Баткен облусуна берилди. Бул туурасында Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык гуманитардык жардамдын ичинде 50 термометр,3000 кол кап,10000 беткап, 2000 экспресс тест, 2 даана өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат, 5даана дезинфекциялоочу аппараты бар.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru