Кытай менен чек арадагы “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү жайы иштеп баштады
Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди:
2020-жылдын 14-апрелинде жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү жайынын ишин эки өлкөнүн жүк ташуулары үчүн гана кайра калыбына келтирүү жөнүндө Кытай Эл Республикасы менен макулдашуу жетишилди.
”Торугарт” көзөмөл-өткөрүү жайынын маселеси аймактагы эпидемиялык абалдын андан ары өнүгүшүн эске алуу менен каралат. Мында эки өлкөнүн жарандарына чек арадан өтүү чектөөлөрү сакталат.