Кытай окумуштуулары: Көз айнек коронавирус инфекциясын жуктуруу коркунучун беш эсе төмөндөтөт

COVID-19 инфекциясынын негизги жуктуруучу каналдары мурундун жана көздүн былжыр челдери болгондуктан, көз айнектен тышкары медициналык беткаптарды кийүү маанилүү.

Көз айнек коронавирус инфекциясын жуктуруу коркунучун беш эсе төмөндөтөт, деп жазат “Россия газетасы” кытай илимпоздоруна шилтеме берип.

Новосибирск мамлекеттик университетинин бионанотехнология, микробиология жана вирусология лабораториясынын башчысы, биология илимдеринин доктору Сергей Нетесовдун айтымында, изилдөө учурунда кытайлыктардын 80 пайыздан ашыгы көз айнек тагынат экен. Ошондой эле ал COVID-19 оорусун жуктуруп алуучу негизги каналдар мурундун жана көздүн былжыр челдери болгондуктан көз айнектен тышкары медициналык беткаптарды кийүү маанилүү экендигин белгиледи. “Жыттын жоголушу биринчи кезекте инфекция мурун аркылуу өткөнүн көрсөтөт жана бул оорунун эң көп кездешкен белгилеринин бири”, – деди Нетесов.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru