Кытай жараны 20 жаштагы кыргыз жигитти өлтүрүп колго түштү

Ош шаарында 20 жаштагы баланын өлүмүнө шектелип Кытай жараны эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-ноябрда А.Масалиев көчөсүндө 20 жаштагы жигит бычактан жаракат алып көз жумганы белгилүү болгон. Окуя болгон жерге келген тез жардам кызматкерлери өлүм фактысын  катташкан.

Ош шаардык милициянын кызматкерлери каза болгон жаран  Кара-Суу районунун 2000-жылы туулган тургуну экендигин аныкташты.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында, 1993-жылы туулган Кытайдын жараны Р.А.  кармалган.  Шектүү  Ош шаарында убактылуу жашап, коомдук тамактануучу жайлардын биринде иштеген.

“Кылмышка шектүүнүн айтымында, мас абалындагы жабырлануучу аны ур-токмокко алып, анын ар-намысын жана кадыр-баркын кемсинткен, ошондуктан ал чөнтөгүнөн бычакты сууруп алып, бир нече жолу урган. Андан кийин коркуп, кылмыш болгон жерге качып кеткен », – деп билдирди ШИИБ.

Кылмышка шектүү тергөө аяктаганга чейин 2 айга убактылуу кармоочу жайга камалды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru