Кытайда коронавируска каршы вакцина клиникасы апрелде сыноосун баштайт

Кытайда коронавируска каршы вакцинанын клиникалык сыноосу апрель айынын аягында башталат. Бул тууралуу Кытайдын илим жана технология министринин орун басары Сюй Наньпин билдиргенин РИА Новости жазат.

Маалымтака ылайык,  башка өлкөлөр менен катар эле Кытайда да вакцинаны табуу боюнча иштер жүрүп жатат. Учурда вакцинанын айрым түрлөрү жаныбарларга сыноодон өткөрүшүүдө.

Белгилей кетсек, 21-февралга карата Кытайда ооруну жуктуруп алгандардын саны 75 миң кишиден ашып, 2 миң 236 киши каза болду. 18,2 миң киши айыгып чыккан.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru