Кытайда коронавирустан каза болгондордун саны 2 118ге жетти
Кытайда коронавирустан каза болгондордун саны 2118ге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитетинен кабарлашты.
Акыркы маалыматтар боюнча, илдетти 74,5 миң адам жуктурса, 16,1 миңдей жаран оорудан айыкты.
Коронавирусту эң көп Хубэй провинциясындагылар жуктурган. Ал жерде 62 миң адам ооруйт жана 2029 адам көз жумду. Оорудан 10,3 миңдей жаран айыкты. Кийинки орундарга Гуандун (1,3 миң), Хэнань (1,2 миң) жана Чжэцзян (1,1 миң) жерлери турат.
ТАСС агенттигинин маалыматында, өлкөдө 126,3 миңден ашык адам дарыгердин көзөмөлүндө жүрөт. Ошондой эле Кытайда 4,9 миңден ашыгы илдетти жуктуруп алды деген шек менен карантинде болууда.