народный

Кытайда коронавирустун белгилери менен дарыгерге кайрылгандарга акча берилет

Кытайда коронавирус аныкталган адамдарга 10 миң юандан (1 426 долларга жакын) төлөп берүүнү убадалады. Бул тууралуу чет элдик басыылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Кытайдын Хубэй провинциясындагы Цяньцзян шаарынын бийлиги өз каалоосу менен медициналык жайларга кайрылып, Калаа бийлиги оорунун белгилери менен дарыгерлерге кайрылып, бирок коронавирус аныкталбаган адамдар миң юандан алышарын билдирди.

 Акыркы маалыматтар боюнча, Цяньцзянда вирус жуктургандардын саны 197ге жетти. Хубэй провинциясында бул илдетти 65 миңге жакын адам жуктуруп, 2 600 киши каза болду.

Буга чейин Кытай бийлиги респиратордук оорунун белгилери менен кайрылган бейтаптар бекер текшерүүдөн өткөрүлөрүн билдирип, бул үчүн жергиликтүү бийликтерге кошумча каражат бөлгөн.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru