Кытайда коронавирустун жаӊы түрү аныкталды

Кытайдын Фуцзянь провинциясында коронавирустун жаңы түрүнүн очогу чыкканын РИА Новости жергиликтүү басылмаларга таянып жазды. 

Учурда Путянь шаарынын Сянью уездинде алты кишиден жаңы типтеги коронавирус табылып, 18 адам оорунун белгилери жок ооруп жатканы аныкталды.

Алдын ала берилген маалыматтарда коронавирустун варианты өтө жугуштуу болгон “дельта” штаммы катары аныкталганы айтылды. 

ДССУнун маалыматы боюнча, учурда дүйнө жүзүндө 223 миллион киши коронавируска чалдыкты.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru