Кытайда короновирустан айыккандардын саны 18 миңден ашты

Акыркы маалыматтар боюнча, Кытайда коронавирустун жаңы түрүнөн 18 миң 264 адам айыкты. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, илдеттен 2 миң 236 адам көз жумду.

Кытайда бир күн ичинде 118 адам каза болгон. Ошондой эле 2 миң 109у ооруканадан чыгарылды. Ал эми коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 75, 4 миң адамды түзөт.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru