народный

Кытайдан Москвага, ал жактан Бишкекке учуп келген кыз ооруканага жаткырылды

Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына дене табы көтөрүлүп, 37,1 градусту көрсөткөн кыз келип түшкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыздын анализдеринин жыйынтыктары терс чыкты. “Ооруканага түшкөн кыз обсервацияга жаткырылды. Анын абалы канааттандырарлык. Кийинчэрээк белгилүү болгондой, ал Кытайдан Москвага, ал жактан Бишкекке учуп келген”, – деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын интернет айдыңында “Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына коронавирус жуктуруп алган киши жаткырылды” деген маалымат тараган. Муну саламаттык сактоо министрлиги төгүндөдү.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru