народный

Кытайдын белгилүү миллиардери Джек Ма дайынсыз жоголду

Alibaba интернет платформасынын негиздөөчүсү, миллиардер Джек Ма 2 айдан бери публикага чыга элек. Үзгүлтүксүз катышып келген “Africa’s Business Heroes” теле шоусунун кезектеги чыгарылышына да катышкан жок.

Бул тууралуу “Reuters” басылмасы жазды.
Миллиардердин күйөрмандары, ал бийликти сындагандан бери коомчулука көрүнбөй калганынан кооптонуп жатышканын билдирген.
Джек Ма октябрдын аягында Шанхай шаарында өткөн форумга катышып Ant Group тобу менен Шанхай жана Гонконг биржаларында ачыкка чыгып, 34 миллиард доллар чогултмакчы болгонун жар салган.

Бул Кытайдын жана дүйнөнүн тарыхындагы эң ири IPO болмок.
Манын форумдагы сөзүнөн кийин Кытайдын жөнгө салуу кызматы анын бизнесин, анын ичинде Алибабаны да иликтөөгө алып, тергөө баштаган.
Антимонополдук тергөөнүн айынан Alibaba акциялары түшуп 3,5 миллиард доллар жоготкон.
Ага кошумча АКШ тарап, чет өлкөлүк компаниялардын Америка биржасына кирүүсүн чектөө тууралуу мыйзам кабыл алуу алдында турат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru