Кытайга барган Монголиянын президенти жана эки министри ооруканага жаткырылды

Кечээ, 27-февраль түнү Монголиянын президенти Халтмагийн Баттулга жана аны коштоп барган делегация мекенине кайтышты. Эми алар 14 күндүк карантинге жаткырылат. Бул боюнча чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн президенти, тышкы иштер министри, өзгөчө кырдаалдар башкы башкармалыгынын башчысы Улан-Батордогу Баянзурх районундагы министрлер ооруканасына жаткырылды. Коштоп барган башка делегаттын мүчөлөрүн Жаргаланта санаторийине бөлдү.

Белгилей кетсек, Монголиянын президенти Халтмагийн Баттулга коронавирус күч алып жаткан учурда Кытайга визит жасаган саналуу чет элдик лидерлердин катарына кирди.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru