Кыздарды зордуктоо үчүн өзүн эркек деп тааныштырган кыз кармалды

Сот Лондондун жашоочусун 13 жана 16 жаштагы жаш өспүрүм кыздарга жасалган сексуалдык мүнөздөгү кылмыштары үчүн сегиз жылга эркинен ажыратты. 21 жаштагы Джемма Уоттс социалдык тармактарда жеткинчектер менен танышуу үчүн өзүн 16 жаштагы Джейк Уатон деп таанышып келген. Бул тууралуу ВВС билдирди.

Ал социалдык тармактарда узун чачын баш кийимдин астына катып, кең шым кийген сүрөттөрүн колдонгон. “Джейк” социалдык тармактарда скейтборд менен скутер тээп жүргөн видеолорун жарыялап, ага “лайк” баскан кыздар менен сүйлөшүп, жагымдуу сөздөрдү айтат. Жазууларда “Джейк” кыздар менен сүйлөшүп, жарым жыңалач сүрөттөрүн жөнөтүп, кыздарды кездешүүгө көндүргөн.

Соттун жүрүшүндө Джемма Уоттс сексуалдык мүнөздөгү жети кылмыштык эпизодко катышы бар экенин мойнуна алды. Бардык жабырлануучулар өздөрүн эркек менен жыныстык катнашта болгом деп ойлошкон. Көпчүлүгү үчүн бул алгачкы махабаты болгон. Алар полициядан гана Джейктин Джемма экенин билишкен.

Джемма Уоттс ушунчалык жигит кейпине киргендиктен ал жада калса кээ бир кыздардын ата-энеси менен да таанышкан. Полиция кызматкери Филиппа Кенрайттын айтымында, эки жабырлануучу өз жанын кыюуга аракет кылган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru