народный

Кызыл-Кыя шаарында тез татым жайында өрт чыкты

Кызыл-Кыя шаарында тез татым жайында өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, түшкү саат 13:01де Кызыл-Кыя шаарында тез татым жайында өрт чыккандыгы маалымдалган. Жерине 1 бөлүм тартылып, саат 13:31де өрт толугу менен өчүрүлдү. Жабыркагандар жок. Өрттүн аянты 13 чарчы метр. Өрт электр тогунун кыска туташуусунан улам келип чыкты. Материалдык чыгым: 1 даана муздаткыч, 1 даана тефаль, 4 стол, 8 стул.


Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru