народный

Кызыл-Кыяда бир адам шахтада газга ууланып каза болду

Баткен облусунунун Кызыл-Кыя шаарында 34 жаштагы жаран шахтада газга ууланып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Бүгүн Кызыл-Кыя шаарынын Кара-Козу айылында жайгашкан көмүр шахтасында газ чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын 5 куткаруучусу окуя болгон жерге тартылган.

Шахтанын 90 метр тереңдигинде 34 жаштагы Ноокат районунун Т.Ө.М. аттуу тургунунун жансыз денеси табылып, жакындарына өткөрүлүп берилди.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru