Лейлек, Баткен жана Кадамжай райондорунун акимдери ээлеген кызматтарынан бошотулушту

Премьер-министр Баткен облусунун кызматкерлерин кызматтан алуу боюнча бир катар буйруктарга кол койду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиршти.

Эрлан Сапарбаев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары кызматынан бошотулду. Абдыманап Жакбаров кызматынан бошотулду. Ал Кадамжай районунун акиминин биринчи орун басары болгон. Акылбек Орозов Баткен районунун акими кызматынан бошотулду. Баймурат Бекмуратов Лейлек районунун акими кызматынан бошотулду.

Эскерте кетсек, буга чейин өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев кызматтан алынган.

Ал өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 2021-жылдын февраль айында келген. Ага чейин ал Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысынын орун басары болгон.

Leave A Reply

Your email address will not be published.