Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагында милициянын көчмө кабылдамасы иштеп жатат-(ФОТО)

Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Жаштык, Борбордук, Арка-2, Достук айылдарында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте толугу менен күнү-түнү иш алып барууда.
29-30-апрель күндөрү эвакуация болуп айылдан чыгып кетип, бүгүнкү күндө өз айылдарына кайтып келген жарандарга милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, милициянын көчмө кабылдамасы арыз-кайрылууларды кабыл алып жатышат.
Учурда жогорудагы аталган аймактар туруктуу.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы

Leave A Reply

Your email address will not be published.