Лейлекте 7 даана ширеңке кутучасына баңгизатын салып жүргөн жаран кармалды

Баткен облусунун Лейлек районунда баңгизатын алып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерине алдын ала ыкчам маалымат келип түшкөн. Маалыматтын чын-төгүнүн текшерүү максатында ыкчам иш-чаралар уюштурулуп, Исфана шаарында Х.Д. аттуу жаран кармалган. Анын кийип жүргөн кийимине тинтүү жүргүзүлгөндө, спорттук күрмөсүнүн сол чөнтөгүнөн 7 даана ширеңкенин кутучасына салынып даярдалган, жалпы салмагы 43,9 граммды түзгөн өзгөчө жыты бар күрөң түстөгү зат табылган.
Алынган зат соттук-химиялык экспертизанын корутундусунда гашиш баңги заты экендиги аныкталган.
Бул факты боюнча иш козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Шектүүнүн жашаган турак үйүнө тинтүү жүргүзгөндө, чатырынан кара түстөгү баштыкка оролгон өзгөчө жыты бар 88 грамм зат табылган. Ал дагы гашиш экендиги аныкталган. Азыркы учурда шектүү катары кармалган Х.Д. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.