Лейлекте түн ичинде мыйзамсыз 3 тонна балык ташып бара жаткан айдоочу кармалды

Бүгүн, 16-октябрда түнкү саат 5:00 чамасында Лейлек районунда мыйзамсыз жүк ташып келе жаткан айдоочу кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук укук тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Мусурманбек Турсуматов билдирди.

Маалыматка караганда, КРнын жараны 1990-жылы туулган жараны, Лейлектин Жаштык айылынын тургуну К.И. оор жүк ташуучу «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаасы менен Жаңы-Жер чек ара заставасынын «Жаштык» чек ара посту аркылуу чек арадан мыйзамсыз жүк алып өтүүгө аракеттенген. Унаада 3 тонна балык жүктөп бара жаткан. Учурда иликтөө жүрүп жатат.

Чек арачылар ошондой эле Жаштык айылынын этегиндеги жолдо, чек ара постунан болжол менен 30-50 метр алыста турган шектүү «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаасын байкап калышкан. Ага чек арачы бара жаткан учурда унаа айылды көздөй качкан. Ал унааны токтотуу максатында асманга 2 жолу ок атылган. Чек арачылар бул унааны айылдын ичинен кармоого аракет кылышкан. Бирок ал карматпай, из суутуп кеткен.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru