Ливандагы жарылуу иши боюнча 16 адам кармалды

700×100 kyr

Ливандын Бейрут шаарындагы жарылуу иши боюнча деңиз портунун 16 кызматкери кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Ага ылайык, аскер прокуратурасы шаардагы жарылуу боюнча алгачкы изилдөө иштеринин баштапкы баскычын аяктады. Порт администрация кеңешинен жана бажы башкармалыгынан, ангарда оңдоо иштерин жүргүзгөн жана ал жерде жарылуучу затты сактаган 18ден ашуун адам суракка алынган. Тергөөнүн алкаганда 16 адам кармалды.

Эске салсак 4-августта Ливандын борбору Бейрут шаарында катуу жарылуу болгон. Акыркы маалыматтар боюнча, кырсыктан каза болгондордун саны 137ге жетти. 5 миңге чукул адам жаракат алышкан.

- Advertisement -

Leave A Reply

Your email address will not be published.