“Ливерпуль” командасы 30 жылдан бери биринчи жолу Англиянын чемпиону болду

Футбол боюнча “Ливерпуль” командасы мөөнөтүнөн мурда Англиянын чемпиону болду. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Юрген Клопптун командасы “Челси – Манчестер Сити” командаларынын оюнунда “Челсинин” жеңишинен улам Англиянын чемпиону болду. Анткени, “Манчестер Сити” командасында жеңилүүдөн улам 63 упай болсо, “Ливерпуль” 86 упай топтогон.

Мындан улам “Ливерпуль” командасы быйылкы сезондун аякташына 7 оюн калганда жеңишке жетти.

Белгилей кетсек, команда Англиянын чемпионатында 30 жылдан бери биринчи жолу жеңишти багындырды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.