Лукашенко уулун кызматтан бошотту

Беларуссиянын Президенти Александр Лукашенконун уулу Виктор мамлекет башчысынын улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу БелТА маалымдайт.

Тиешелүү жарлыкка президент 26-февралда кол койду. Виктор Лукашенконун кызматтан кетиши анын башка кызматка которулгандыгына байланыштуу экени маалымдалды.

26-февралда мамлекет башчынын уулу Улуттук олимпиадалык комитеттин төрагалыгына киришти. Ал бул кызматка бөлүмдү 1997-жылдан бери жетектеген Александр Лукашенконун ордуна келди. Виктор Лукашенко 2019-жылдан бери аталган комитеттин биринчи вице-президенти болуп келген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.