Мүмкүн жолугушаарбыз? Быйыл жыйырма жылдыгы боло турган жылдыздар пландары…

 Быйыл 1983-жылы туулгандардын мектепти бүткөнүнө туптуура 20 жыл болмок. Бирок пандемияга байланыштуу алардын мааракесин майрамдоого тыю салынды. Биз дал ошол маараке ээлери менен байланышып маанайларын сурап көрдүк.

 Альбина Имашова, актриса: “Шаан шөөкөткө көп жокмун”

Чынында андай шаан шөөкөткө көп жокмун. Бирок быйыл мектепти аяктаганыма 20 жыл болуп кетиптир. Өзүм касиеттүү Тоң районунун “Карл-Маркс болмок” орто мектебин аяктагам. Эми кырдаал дагы мындай болуп турат.  Балким барсам 20 жылдан бери көрө элек классташтарымды көрмөкмүн, жакшы эле болмок.  Аманчылык болсо, көрүшөөрбүз.

Айгүл Чалова, ырчы: “Даярданып баштаганбыз”

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынын “Турусбек” атындагы орто мектебин 2000-жылы бүткөм. Быйыл жыйырма жылдыкка барабыз деп каттуу даярданып баштаганбыз. Акчаларды топтоп, сүйлөшүп дегендей. Анан өлкөдө мындай кырдаал болуп жаткандыктан белгисиз мөөнөткө жылдырдык. Эл аман болсунчу, майрамдабасак жакшылыктын эрте кечи жок.

Бурулай Пусурманкулова, журналист:  “Мүмкүн абал жакшы болгондо жолугаарбыз”

Сузак районундагы К. Абдраимов атындагы 14-мектепти аяктагам. Жолугушабыз деп балдар, кыздар сүйлөшүп атканбыз. Эми өлкөдөгү абалга байланыштуу кандай болот билбейм. Мумкун абал жакшы болгондо жолугаарбыз.

Гүлянда Алымбекова, ырчы: “Пландардын баары өлдү”

Быйыл классташтарым менен жолугалы деп план түзүп, каттуу даярданып атканбыз.  Капа болгонум мен кош бойлуулугум болуп он жылдыгыма да барбай калгам. Эң өкүнүчтүүсү быйыл дагы барбай калдым. Өзүм Ак-Талаадагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы мектепти бүткөм. 20 жылдан бери көрө элек классташтарым аябай көп болчу. Эми болсо пландарыбыздын баары өлүп, олтурабыз.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru